Мамлекет башчысы сүйлөшүүлөрдөн кийинки брифингде
Казакстан менен Кипрдин ортосундагы кызматташтыктын келечеги тууралуу айтып
берди. Тараптар өз ара соода көлөмүн көбөйтүүгө өзгөчө көңүл бурууну көздөшөт.
Мындан тышкары, Касым-Жомарт Токаев кипрлик өнөктөштөрдү Транскаспий жолу
долбооруна активдүү катышууга чакырды. Анын айтымында, Ортоңку коридордун
алкагында Казакстандын кургактагы инфраструктурасын Кипрдин деңиз
инфраструктурасы менен натыйжалуу байланыштыруу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар.
Бул Борбордук Азия, Каспий аймагы жана Жер Ортолук деңизинин ортосунда жаңы көп
векторлуу логистикалык системаны түзүүгө мүмкүндүк берет жана акырында өз ара
сооданын өсүшүнө өбөлгө түзөт. Касым-Жомарт
Токаев учурда Казакстанда Кипр капиталынын катышуусу менен 400дөн ашык компания
иштеп жатканын белгиледи. Алардын 30га жакыны АЭКБда катталган.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Бул өзү эле биздин бизнес жана инвестициялык
мамилелерибиздин ырааттуу өнүгүп жатканын көрсөтүп турат. Жакында эле биз жаңы
Конституцияны кабыл алдык, ага ылайык Казакстанда менчиктин бардык түрлөрү
кепилденет. Негизги мыйзам инвесторлордун укуктарын мүмкүн болушунча коргойт.
Мындан тышкары, биздин кипрлик өнөктөштөрүбүз Kazakh Altyn Visa программасын
колдоно алышат. Бул визаны алган ишкерлерге жана адистерге салык менен миграция боюнча
жеңилдиктер берилет.
Санариптик технологиялар жана инновациялар өз ара
пайдалуу өнөктөштүк үчүн чоң дараметке ээ болгон тармактар катары көңүл
борборунда турат. Мамлекет башчысынын айтымында, Кипр тарабы Казакстандын eGov
системасына жана мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү боюнча долбоорлорго
кызыгуу көрсөтүп жатат. Ал эми өлкө бул багыттагы тажрыйбасы менен бөлүшүүгө
даяр, деп баса белгиледи Касым-Жомарт Токаев. Ошондой
эле сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эл аралык жана аймактык күн тартиби талкууланды. Көптөгөн
маселелер боюнча мамлекеттердин позициялары окшош. Эки өлкө тең кандай гана
чыр-чатак болбосун, ал бир гана тынчтык жана дипломатиялык жол менен чечилиши
керек деген принципти так карманышат. Тараптар БУУнун, ЕККУнун жана башка эл аралык түзүмдөрдүн
алкагында биргелешкен иш алып баруу жөнүндө макулдашышты, жана
тынчтыкты, туруктуулукту камсыз кылууга жигердүү катышууну убада кылышты.
Никос Христодулидис, Кипр
Республикасынын Президенти:
– Биз бардык деңгээлдерде үзгүлтүксүз байланыштардын маанисин баса белгиледик, анткени туруктуу саясий диалог ишенимди бекемдөөдө жана конкреттүү натыйжаларга жетүүдөгү негизги фактор болуп саналат. Бүгүн биз бир катар меморандумдарга кол коюп жатканыбызга кубанычтамын. Бул келишимдер жөн гана техникалык документтер эмес, эки тараптуу мамилелердин олуттуу дараметин кыйла структуралаштырылган жана маңыздуу формага айландыруу боюнча биздин жалпы чечкиндүүлүгүбүздүн айкын далили.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

