Казакстанда азык-түлүк өндүрүшүнүн өсүшү 4%га жакындады

Казакстанда азык-түлүк өндүрүшүнүн өсүшү 4%га жакындады

Бул максатта быйылкы жылы республикада 65 товардык сүт-товар фермасын түзүүгө 100 миллиард теңге жумшалат. Өндүрүш кубаттуулугу жылына 370 миң тоннадан ашык сүт өндүрүүгө жөндөмдүү. Келерки жылы дагы 50 сүт фермасын куруу каралган. Ага 113 миллиард теңге бөлүнөт. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында өлкөнүн айыл чарба министри билдирди. Жыйында 2022-2024-жылдарга азык-түлүк коопсуздугу планы каралды. Ербол Карашөкеев ички рынок жашылчанын негизги түрлөрү менен толук камсыздалганын билдирди. Министр быйыл бакча өсүмдүктөрүн узак мөөнөткө сактоо үчүн кошумча 29 кампа курула турганын маалымдады. Учурда республикада жалпы сыйымдуулугу 2 миллион тоннага барабар 1208 жашылча кампалары бар. Жалпысынан өткөн жылы тамак-аш өндүрүшү 3,9%га өсүп, 2,9 триллион теңгени түздү. Мында өсүмдүк майын, ун, жарма, макарон, колбаса азыктарын жана кант өндүрүүнүн өсүшү байкалды.

Алихан Смаилов, Казакстандын премьер-министри:

- Республиканын агро өнөр жай комплекси өткөн жылы айыл чарба өнүмдөрүн өндүрүүнүн жана айдоо аянттарынын көлөмүн көбөйтүү эсебинен өнүгүүнүн позитивдүү темпин көрсөттү. Маселен, айыл чарба өнүмдөрүнүн жалпы көлөмү 9 пайызга өсүп, 9,3 триллион теңгени түздү. Өсүштүн негизги фактору болгон өсүмдүк өстүрүү 15%га өстү. Пландын аткарылышы менен катар ортомчулук схемаларга бөгөт коюу, социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына баа мониторингин жүргүзүү жана рынокту жөнгө салуу боюнча иш-чаралар жигердүү ишке ашырылууда.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков