Трансчегаралык дарыяларды башкаруу конвенциясы ратификацияланды

Трансчегаралык дарыяларды башкаруу конвенциясы ратификацияланды

Казакстан трансчегаралык дарыяларды башкаруу боюнча конвенцияны ратификациялады. Тиешелүү мыйзам долбооруна мамлекет башчысы кол койду. Бул эл аралык документ бүткүл дүйнө боюнча трансчегаралык дарыяларды, көлдөрдү жана жер астындагы сууларды адилеттүү жана туруктуу көзөмөлдөө менен башкаруунун глобалдык укуктук механизмин белгилейт. Бүгүнкү күндө бул конвенцияга 37 мамлекет мүчө. Коңшулардын ичинде Өзбекстан да бар. Белгилей кетсек, Мажилис депутаттары жаңы Суу кодексинин долбоорун карап жатат. Ага ылайык, өлкө экономикасынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн сууну пайдалануунун коопсуз деңгээлин белгилөө каралган. Муну менен катар, суу тармагына байланыштуу мыйзам бузуулар үчүн жазаны күчөтүү да каралууда.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков