Казакстанда эң ири кант заводу курулат. Ал Атырау шаарында салынмакчы. Долбоорго кытайлык компания кызыгуусун билдирип, инвестиция салууга кызыкдар. Учурда тараптардын мындай аракетин ишке ашыруу үчүн эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ишкана план боюнча кызылча кантын жана башка төрт түрлүү өнүмдү рынокко чыгарат. Алсак, жылына 144 миң тонна кант чыгарган заводду 2026-жылы ишке киргизүү пландалууда.
Лина Тайкен, Компаниянын башчысы:
- Бул багытта биз ар тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Инвестициялык долбоор болгондуктан, чет элдик жана казакстандык кесиптештерибиз менен келишимдер түзүлдү. Бул үчүн биз бир жыл 5 айдын ичинде Атырау облусунун кант өндүрүшүн жана кантка болгон ички суроо-талапты чечебиз деп ойлойбуз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

