Астанада өзөктүк медицина боюнча эл аралык конференция өтүп жатат

Казакстан тераностика багытын жигердүү өнүктүрүүгө ниеттенүүдө. Бул залалдуу шишик, башка онкологиялык ооруларды аныктоо жана дарылоону камтыган өзөктүк медицинанын бир тармагы. Бул тема Астанада өткөн эл аралык илимий-практикалык конференциянын өзөгүнө айланды. Өлкөнүн Президентинин иш башкармалыгынын Медициналык борборунун ооруканасына Казакстан, Грузия, Армения, Орусия, Өзбекстан жана Азербайжандан келген кесипкөй адистер чогулушту. Атап айтканда, онкологдор, кардиологдор, урологдор, радиохимиктер, аналитик-химиктер жана физиктер жыйналды. Тажрыйбалуу серепчилер эки күн бою радиофармацевтикалык дарыларды өндүрүү технологияларын, тераностикада колдонууга арналган ядролук медицинанын ыкмаларын талкуулашат. Ошондой эле, аутоиммундук, онкологиялык жана кардиологиялык тармактарда тажрыйба алмашып, бөлүшүшөт. 

Павел Румянцев, Санкт-Петербург шаарынын тераностиканы өнүктүрүү бирикмесинин президенти: 

- Мен дисциплиналар аралык кызматташуу боюнча тажрыйбам менен бөлүшкүм келет. Анткени бул багыт хирург, патологоанамтомдор жана молекулалык рентгенологдор сыяктуу адистердин аракетин бириктирүү менен гана ишке ашат. Ал үчүн биз колдо болгон билимди өркүндөтүп, алдыга жылышыбыз керек. Ошондуктан бири-бири менен тажрыйба алмашуу менен бирге дүйнөлүк лидерлердин тажрыйбасын киргизген жакшы. Жаштарды окутуу керек. Бул биздин жалпы милдетибиз деп ойлойм. 

Казакстан бул жаатта жакынкы үч жылдын ичинде алдыңкы чет өлкөлүк циклотрон өндүрүштүк комплекстеринде, илимий жана өзөктүк медицина борборлорунда ондогон ата мекендик адистерди даярдоо милдети турат. Биринчи команда жакынкы аралыкта эл аралык тажрыйба алуу үчүн жөнөп кетет. 

Айгуль Садуакасова, Президенттик клиниканын өзөктүк медицина борборунун жетекчиси: 

- Быйыл МАГАТЭнин колдоосу менен долбоор ишке кирди, бул Вена-Австрия атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик. Бул жерде диагностика үчүн жаңы радиофармацевтикалык каражаттарды иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча долбоору жеңип алды. Бул биздин борбордо өндүрүлөт. 20дан ашык адистер даярдалышы керек, булар физиктер, химиктер, өндүрүш боюнча ядролук илимпоздор жана 15тен ашык медициналык адистер. Биз Швеция жана Германия сыяктуу Европа борборлорун көздөп жатабыз.  

Которгон: Илгиз Жамалбеков