Касым-Жомарт Токаев Өнөр жай жана курулуш министрине табигый кырсыктан жабыркаган казакстандык жарандардын үйлөрүн тез арада калыбына келтирүүнү тапшырды. Өз кезегинде Канат Шарлапаев президентке суу каптаган аймактарда жаңы турак жайларды куруу үчүн долбоордук-сметалык документтердин баасын бекитүү аяктагандыгы тууралуу маалымат берди. Жалпысынан быйылкы жылы өлкөдө 18 миллион чарчы метрден ашык турак жайды пайдаланууга берүү жана жаңы ипотекалык программаны ишке киргизүү пландалууда. Аны каржылоонун көлөмү 300 миллиард теңгени түзөт. Ошону менен бирге, министр мамлекет башчыга кайра иштетүү өнөр жайынын өсүшү тууралуу маалымат берди.
Канат Шарлапаев, Өнөр жай жана курулуш министри:
- 2024-жылдын 2 айынын жыйынтыгы боюнча кайра иштетүү өнөр жай көрсөткүчүнүн өсүшү 7,4%ды түздү. Алардын ичинен металлургия, унаа жасоо жана химия өнөр жайынын көрсөткүчтөрү абдан жакшы. Өткөн жылы биз Казакстандагы кен жайларын геологияилык чалгындоо боюнча ачык жана адилет аукцион өткөргөнүбүздү да айтып бердим. Аукциондорго биринчи жолу эл аралык ири компаниялар катышты. Бул биздин тоо-кен тармагына эл аралык инвесторллр тарабынан чоң кызыгуу бар дегенди билдирет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков