Астанада Нооруз улуттук майрамына карата биринчи жолу «Нооруз балы» өткөрүлдү. Ага ар кайсы өлкөлөрдүн дипломаттары менен элчилери, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана чет элдик компаниялардын өкүлдөрү катышты. Конокторду куттуктаган Казакстандын Маданият жана маалымат министри Аида Балаева Нооруз майрамы жаңы форматта өтүп жатканын белгилеп, өлкөнү модернизациялоого жана маданий мурастарды жайылтууга, республиканы дүйнөлүк аренага таанытууга багытталган долбоорлорго токтолду. Алардын арасында балдын жүрүшүндө бет ачары болгон Qazaq culture маалыматтык-билим берүү порталы да бар. Иш-чарада Казакстандагы биринчи көп улуттуу «Birlik» ансамбли жана белгилүү «Zhoshy» фольклордук тобу өнөрлөрүн тартуулашты. Өз кезегинде дипломатиялык балдын коноктору казак элин жаңылануунун, берекелүүлүктүн, достуктун жана сүйүүнүн майрамы менен куттукташты.
Кэти Лич, Улуу Британиянын
Казакстандагы Элчиси:
- Биз бардык казакстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктайбыз. Мен каада-салт, маданият менен таанышып, улуттук кийимдерди көргөнүмө абдан кубандым. Сонун майрам экен.
Хорхе Урбиола Лопес Де Монтенегро, Испаниянын Казакстандагы
Элчиси:
- Бул жердеги атмосфера фантастика десем болот. Биринчиден, ажайып казактын улуттук кийимдери көздүн жоосун алып, музыканттар менен бийчилердин жандуу аткаруулары суктандырат. Мен оркестр менен казак ырын аткаруу сыймыгына ээ болгонума кубанычтамын.
Которгон: Илгиз Жамалбеков