Казакстандын Президенти АКШ менен Ирандын ортосунда жетишилген макулдашууну кубаттады

Казакстандын Президенти АКШ менен Ирандын ортосунда жетишилген макулдашууну кубаттады

Казакстандын Президенти АКШ менен Ирандын ортосунда жетишилген макулдашууну кубаттады. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев X социалдык тармагындагы баракчасына жазды. Мамлекет башчысы татаал эл аралык кырдаалда бул кадам аймак үчүн да, бүткүл дүйнөлүк коомчулук үчүн да өтө маанилүү экенин баса белгиледи.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


Тараптардын саясий эркин, ишенимди калыбына келтирип, өз ара жагымдуу чечимдерди табууга мүмкүндүк бергенин жогору баалайбыз. Бул жоопкерчиликтүү учурда чечкиндүүлүгүн жана стратегиялык көз карашын көрсөткөн Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трамптын лидерлигин өзгөчө белгилейбиз. Ошондой эле Иран Ислам Республикасынын жетекчилигинин конструктивдүү мамилесин кубаттайбыз. Казакстан бул келишимге кол коюу Жакынкы Чыгышта жана анын чегинен тышкары тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөө үчүн бышык пайдубал түзөт деген үмүтүн билдирет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков