Казакстан жашыл айыл чарбасын өнүктүрүүгө ниеттенүүдө. Бул үчүн өлкөдөгү айыл чарба жерлери пестициддерден тазартылат. Алматыдагы эл аралык конференцияда ата мекендик адистер коопсуз технологияларды изилдөөдө. Буга байланыштуу БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарбачылыгы уюмунун ФАО серепчилери республика жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен өздөрүнүн тажрыйбасы жана инновациялык ыкмалары менен бөлүшөт. Чет элдик окумуштуулар белгилегендей, Казакстандын аймактарында үч жылдан бери булганган топуракты био жана фиторемедиациялоо долбоору жүзөгө ашырылууда. Иш башталганга чейин бардык жерлерде, миңге жакын участокто текшерүү жүргүзүлүп, анын 160нан эскирген химиялык препараттар табылды. Ошентип, микроорганизмдердин жардамы менен топуракты тазалоону колдонуу сунушталды. Бул булгоочу заттарды жок кылуунун табигый, экологиялык жактан коопсуз жолу. Адистердин айтымында, “жашыл” технология топуракты калыбына келтирүүгө да жардам берет. Натыйжада, ал айыл чарба жерлеринин начарлашын жана кунарсыздануусун токтотуп, Казакстанда дан өндүрүү көлөмүн көбөйтүүгө салым кошот.
Таня Сантиванес, ФАОнун Европадагы жана Борбордук Азиядагы аймактык өкүлчүлүгүнүн айыл чарба боюнча адиси:
- Бул технология жаңы деп айтууга болот. Анткени ал табияттын өзүнө негизделген, башкача айтканда, анын эсебинен мындай көйгөйлөрдү чечүүгө болот. Биз бул технологияны Казакстанда, Кыргызстанда жана Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүндө жайылтып жатабыз. Бул багытта алдыга жылыштар бар. Белгилей кетсек, биоремедиация менен фиторемедиация топурактын кунарлуулугун жогорулатат.
Жаңыл Бозаева, Казакстандагы ФАО программасынын улуттук координатору:
- Биздин бүгүнкү конференциянын негизги максаты - пестициддерди туура эмес колдонуунун терс таасирлерине көңүл буруу. ФАО айыл чарба ресурстарын туруктуу колдонууга үндөйт. Ал эми биопестициддер тууралуу айта турган болсок, аларды пайдалануунун артыкчылыгы топуракты, андагы микроорганизмдерди коргоо экенин, анда бүтүндөй экосистема бар экендигин түшүнүү керек. Бул адамга түздөн-түз таасир этет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков