Эл аралык байланыш кеңейүүдө

Казакстан Президентинин Телерадиокомплекси өзүнүн эл аралык байланыштарын кеңейтүүдө. Италиянын алдыңкы «Agenzia Nova» маалымат агенттиги менен медиа кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду. Бул европалык басылма медиа-холдингдин 19-өнөктөшү. Аталган кызматташтыктын алкагында италиялык кесиптештер өлкөнүн «Казак маалымат» агенттиги Казакстан менен Борбордук Азия аймагы тууралуу өзөктүү маалыматтарды берерине ишенет. Белгилей кетсек, ата мекендик агенттиктин кабарчылары дүйнөнүн 11 өлкөсүндө бар. Ал эми кызматкерлер күнүнө миңге жакын жаңылыкты таратат. Өз кезегинде «Agenzia Nova» эл аралык саясат жана экономика темасын козгойт. Италиялык басылма күн сайын бул багытта 500дөй жаңы маалымат даярдайт.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков