Өзбекстанда энергетика тармагын камсыздандыруу механизмдери бышыкталды

Өзбекстанда энергетика тармагын камсыздандыруу механизмдери бышыкталды

Өзбекстандын борборунда камсыздандыруу жана энергетикадагы тобокелдиктерди башкаруу боюнча FAIR эл аралык форуму өттү. Иш-чарага 20дан ашык өлкөдөн брокердик жана камсыздандыруу компаниялары жана 50 эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Серепчилик чөйрө тажрыйба алмашууга жана тармактагы көйгөйлөрдү биргелешип чечүүгө мүмкүндүк берет. Буга кошумча мындай жолугушуулар Жакынкы Чыгыш, Азия жана Европа өлкөлөрү менен эл аралык инвестициялык мамилелердин горизонтторун кеңейтет. Пленардык жыйынга катышкан 100дөн ашык өкүл мындай эки тарапка тең пайдалуу мүмкүнчүлүктөрдү талкуулап, пикир алмашышты. Талдоочулар азыр энергетика тармагы дүйнөлүк экономиканын негизги кыймылдаткыч күчү экенин айтышууда. Өнөр жай чалгындоо, өндүрүү, ташуу, сактоо жана таратуу иштерин камтыйт. Алар чоң тобокелчиликтерге туш болушат. Камсыздандыруу – бул энергетика тармагынын туруктуулугун колдоо механизми. Адистер бул тема өнөр жайдын активдүү өнүгүү мезгилин баштан кечирип жаткан Борбор Азия чөлкөмү үчүн абдан актуалдуу экенин айтышат.

Ойбек Халилов, Камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучулары бирикмесинин төрагасы/Өзбекстан:

- Бул биз үчүн гана эмес, ошону менен катар FAIR форуму үчүн дагы маанилүү иш-чаралардын бири. Себеби, энергетика тармагындагы акыркы өзгөрүүлөр жана маанилүү камсыздандыруу жана тобокелдиктерди башкаруу маселелери талкууланып жатат. Биз катышуучуларды Өзбекстанга чакырганыбызга абдан кубанычтабыз. Анткени азыр Өзбекстанда көптөгөн иштер, өзгөчө энергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда. Бул экономиканын тез өсүшүнүн жана ири инвестицияларды тартуунун натыйжасы.

Сергей Гаврилов, Камсыздандыруу компаниясы башкарма төрагасынын орун басары/Казакстан:

- Биз Өзбекстан жана өлкөнүн камсыздандыруу рыногу менен көптөн бери тыгыз жана жемиштүү иштешип келебиз. Иш-чара бардык негизги өнөктөштөрдү бир аянтчага чогултууга жана учурдагы маселелерди талкуулоого мүмкүндүк берет. Келечектеги долбоорлорду пландаштырууга, өлкөлөр менен компаниялардын ортосундагы өз ара аракеттенүүгө көмөктөшөт. Мунун аркасында биз азыр көптөгөн мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков