«Толагай» алптар кармашында казакстандык балбан жеңишке жетти

Салмагы 100 килограммдан ашкан таш менен дөңгөчтү көтөрүү, 500 кг араба тартуу, 20 кг найза ыргытуу. Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына биринчи жолу кирген «Толагай» алптардын таймашынын шарттарын билектүү эле эмес, эр жүрөктүү спортчулар гана аткара алат.  Бул мелдешке катышуу үчүн дүйнөнүн төрт бурчунан балбандар чогулду.  Өтө курч мүнөздө өткөн сынак көрүүчүлөрдүн купулуна толду. 5 этаптан турган мелдеште казакстандык Азамат Макулбеков бардык атаандаштарын утуп алды. Экинчи орунду орусиялык спортчу ээлесе, алдыңкы үчтүктү ирандык балбан жыйынтыктады.

Азамат Макулбеков, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүсү:

- Ар бир өлкөнүн мыктылары келди. Мелдеш абдан курч жана кызыктуу өттү. Алптардын алптары келишти. Мелдеш Казакстанда өткөндүктөн намысты алдырбаганга аракет кылдык.

Которгон: Илгиз Жамалбеков