Шымкентте аялдар арасында шахмат боюнча Дүйнөлүк гран-принин экинчи этабы өтүүдө. Бүгүн мелдештин үчүнчү күнү. Мелдешке Казакстан, Кытай, Индия, Германия, Греция, Болгария жана Монголиядан жалпы 10 гроссмейстер катышууда. Өлкөнүн намысын Бибисара Асаубаева коргойт. Турнирдин байге фонду 80 миң еврону түзөт. Жалпы эсепте эң көп упай топтогон эки катышуучу 2026-жылы өтө турган "шахмат таажысы" дүйнөлүк жарышына жолдомо алышат.
Ажар Аманова, эл аралык шахмат федерациясынын DIGITAL маркетинг боюнча башкы адиси:
– Казакстан үчүн бул турнирди өткөрүү чоң сыймык, мен бул өлкөнүн жараны жана ФИДЕнин өкүлү катары ушул сыяктуу иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрө алгандыгыбызды баалайм жана сыймыктанам. Ошол эле учурда биз Казакстан шахмат Федерациясына ыраазычылык билдиребиз. Жалпысынан аялдар арасында Гран-при Казакстанда биринчи жолу өткөрүлүп жаткан жок, буга чейин ал 2022-жылы Астанада уюштурулду. Казакстан эл аралык шахмат иш-чараларын өткөрүүдө чоң тажрыйбага ээ.
Которгон: Илгиз Жамалбеков