Жамбыл облусунда токулбаган материал чыгаруучу завод ачылды. Ишкана айына 600 тоннага чейин 4 түрдүү товар өндүрөт. Базарга сунушталган өнүмдөр медициналык беткаптарды, халат, баш кийим жана бахила тигүү үчүн кеңири колдонулат. Немис технологиясы менен курулган өндүрүш ишканасы толугу менен автоматташтырылган. Долбоордун баасы 3,5 миллиард теңгени түзөт. Жаңы ишканада 40 жаңы жумуш орундары түзүлдү. Мекемеде биринчи кезекте жергиликтүү тургундар иштейт. Ишкананын негизги максаты — республикадагы фармацевтикалык заводдорду чийки зат менен толук камсыз кылуу. Ашыкчасы экспортко жиберилет. Ал эми даяр өнүм өздүк наркы импорттукуна караганда бир топ арзан.
Сергей Пак, башкы технолог:
Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу айына 450дөн 600 тоннага чейин жетет. Материалдын туурасы 3,2 метрди түзөт. Бул көлөмү боюнча осмий материалдарынын эң чоң өлчөмү. Андан кийин бул станоктордо кесилет. Айыл чарбасында бүчүрлөрдү жабуу, нымдаштыруу үчүн колдонулат. Ал эми курулушта каптоо жана буу изоляциясы менен фассаддарды шамалдан коргоого арналган өнүмдөрүбүз бар.
Алишер Анарметов, фармацевтикалык заводдун өндүрүштүк мүдүрү:
2020-жылы, коронавирус күчөгөн маалда биз чет өлкөдөн чийки зат алууда бир аз кыйынчылыктарга дуушар болдук. Анткени ар бир мамлекет чийки затты өз өлкөсү үчүн медициналык буюмдарга колдонот. Бир аз алдырганыбыз менен чек арадан өтпөй 2-3 ай өндүрүш токтоп калды. Эми чийки затты өзүбүз өндүрүп, заводду толук кубаттуулукта иштете алабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков