Казакстандын туристтик багыттары КЭРдин санариптик платформалары аркылуу жүргүзүлөт

Казакстандын туристтик багыттары КЭРдин санариптик платформалары аркылуу жүргүзүлөт

Казакстан кытайлык саякатчылар үчүн жеткиликтүү болот. Бул үчүн заманбап санариптик куралдар колдонулат. Мисалы, «Kazakh Tourism» улуттук компаниясы кытайлык Zowoyoo (ЗовОю) туристтик платформасы менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду. Бул биринчи кезекте өлкөнүн туристтик өнүмдөрүн Кытайдын онлайн аянтчаларында илгерилетүү үчүн санариптик экосистеманы курууга мүмкүндүк берет. Ал эми Кытай Эл Республикасынын жашоочулары платформа аркылуу саякаттарды пландаштырып, жергиликтүү мейманканалар, маршруттар жана гиддердин кызматтары тууралуу биле алышат.


Даниель Сержан уулу, «Kazakh Tourism» ААК башкармалыгынын төрагасынын милдетин аткаруучусу:


- Казакстанда бардык контентти кытайлык туристтерге кызыктуу кылып, санариптештирүү керек. Ошондуктан биринчи жолугушууну Алматыда, экинчи жолугушууну бул жерде, Астанада өткөрдүк. Келечекте Шымкентке, Түркестанга, Актауга, Өскеменге жана башка шаарларга барууну пландап жатабыз. Бирок алар бул шаарларды жана Казакстанды гана эмес, Алматыда ачылган кеңсе бүткүл Борбордук Азияны санариптештирүү үчүн иштейт деп айтууга болот. Ал эми Казакстан бул жерде аймакка кирүү чекити, башкача айтканда, дарбаза катары кызмат кылат.


Кытайлык саякатчылардын арасында эң популярдуу багыттар - Алматы, Астана жана Түркестан облусу. Бирок адистер туристтик агымды өлкөнүн башка аймактарына да багыттоону пландаштырууда. Мисалы, Чыгыш Казакстан жана Маңгыстау облустары, ошондой эле Шымкент.


Фу Сюэцзя, Kazakhstan Zowoyoo Technology мүдүрлөр кеңешинин төрагасы:


- Казакстандын туристтик мүмкүнчүлүгү абдан чоң. Бирок бул тууралуу көбүрөөк адамдар билүүсү үчүн системалуу иш алып баруу зарыл. Өткөн жылы Кытай платформаларына жайгаштырылган Казакстан тууралуу видеолор 5 миллиардга жакын көрүү топтогон. Биз туризмден түшкөн жылдык кирешени 2–3 миллиард долларга жеткирүүнү пландаштыруудабыз.


Белгилей кетсек, акыркы жылдары эле Казакстан менен Кытай кызматташтыкты активдештирүү боюнча бир катар чараларды көрүштү. Бул туристтик агымдын олуттуу өсүшүнө түрткү болду. Мисалы, 2023-жылы өлкөгө келген кытайлык саякатчылардын саны 370 миңге жетсе, 2024-жылы бул көрсөткүч 655 миңден ашты. Ал эми быйыл Казакстан Кытайдан 1 миллионго чейин турист күтүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков