Казакстан менен Бириккен Араб Эмираттары технология
тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүдө. Ошентип, тараптардын ортосундагы
негизги келишимдердин бири өлкөдө Борбор Азиядагы биринчи суперкомпьютердик
кластердин курулушу болду. NVIDIA (Энвидиа) чиптеринин негизинде ишке ашырылып
жаткан долбоор Казакстандын санарип тармагын гана өнүктүрбөстөн, IT адистерин
да даярдайт.
Жаслан Мадиев, Санариптештирүү, инновация жана аэрокосмос
өнөржай министри:
- Бул суперкомпьютер жасалма интеллект моделдерин
үйрөтүүгө жардам берет жана стартаптар үчүн пайдалуу болушу мүмкүн, анткени
алардын өнүмдөрү жасалма интеллектке же жасалма интеллект тармагындагы
стартаптарга негизделген. Аны университеттер изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн жана
мамлекеттик органдар азыр популярдуу болгон жасалма интеллект агенттерин ишке
киргизүү үчүн колдонсо болот.
Астанадагы Smart City санариптик инфраструктурасын тейлөө
үчүн Казакстанда маалыматтарды иштеп чыгуу борбору түзүлөт. Долбоор БАЭнин
компанияларынын катышуусунда ишке ашырылмакчы.
Максат Кошумбаев, Presight AI компаниясынын Казакстандагы
кеңсесинин жетекчиси:
- Smart City долбоору шаардын санариптик эгизин түзүү жана инциденттерди башкарууну камтыйт. Башкача айтканда, шаарды башкаруунун натыйжалуулугун координациялоону тездетүү үчүн андагы кызматтардын ишинин бардык регламенттери санариптик платформага өткөрүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

