2029-жылга чейин электр энергиясын үнөмдөө боюнча 68 долбоор ишке ашат

2029-жылга чейин электр энергиясын үнөмдөө боюнча 68 долбоор ишке ашат

Казакстан быйыл экономиканын керектөөлөрүн жабуу үчүн 621 МВт, ал эми 2026-жылы дагы 2,6 ГВт жаңы энергия кубаттуулугун киргизүүнү пландаштырууда. Премьер-министрдин төрагалыгы алдында өткөн республикалык кеңешмеде энергетиканы өнүктүрүү маселелери талкууланды. Жалпысынан 4 айдын ичинде өлкөдө 68 энергодолбоор ишке ашырылууда. Ал эми 2035-жылга чейин жаңылоо жана кеңейтүү учурдагы станциялардан өтөт. Белгилей кетсек, ушул тапта өлкөдө 227 электр станциясы иштеп жатат. Дагы бир маанилүү долбоор - Батыш региондорунун электр тармактарын бирдиктүү тармакка интеграциялоо – 2027-жылы ишке ашырылат. Ошондой эле санариптештирүүнүн алкагында мамлекеттик энергореестрди энергияны үнөмдөө тармагындагы бирдиктүү маалыматтык системага трансформациялоо ишке ашырылууда.

Олжас Бектенов, Казакстан Республикасынын премьер-министри:

- Электр энергиясын жетиштүү өндүрбөстөн эч кандай санариптик технологиялар өнүкпөйт, биз өлкөбүздө электр энергиясын өндүрүүнү бардык жолдор менен көбөйтүшүбүз керек. Биз келечекте дагы ошондой кылышыбыз зарыл. Президент Казакстан өзүн электр энергиясы менен толук камсыздап гана тим болбостон, экспорттук өлкөгө айланышы керектигин баса белгиледи. Биздин алдыбызда ушундай максат бар.

Которгон: Сезим Шейшеналиева