Казакстанда экспортто келечеги бар товарларды аныктай турган алгачкы курал иштелип чыкты. Уникалдуу ыкманы иштеп чыгуучулар - Казакстандын Өнүктүрүү Банкы. Каржы уюму өлкөнүн экспорттун ар тараптандырууга олуттуу таасир этиши мүмкүн болгон 50 өнүмдүн тизмесин аныктады. Тагыраак айтканда, бул куралдын жардамы менен учурда кандай ата мекендик өнүмдөр тышкы рыноктордо суроо-талапка ээ экендигин билүүгө болот.
Рахымжан Сатаев, Казакстан өнүктүрүү банкынын башкаруучу мүдүрү?
- Бул биздин өлкөдө жасалган, бирок азырынча анчалык популярдуулукка жете элек өнүм болушу мүмкүн. Натыйжада арматура, бекиткичтер, желимден жасалган буюмдар, жер иштетүүгө арналган айыл чарба шаймандары, чоюн жана болоттон жасалган буюмдар сыяктуу товарлардын экспорттук рынокто жакшы сатылаары аныкталды. Товарлардын толук тизмесин биздин сайттан көрө аласыздар.
Атайын көзөмөлдүн жардамы менен аныкталган товарлардын катарына темир жана болоттон жасалган буюмдар, кайра иштетүү өнөр жайынын, курулуш, химия жана техниканын тармактарынын өнүмдөрү кирет. Талдоочулардын айтымында, бул тизме алардын чет өлкөлөрдөгү суроо-талабына жараша өзгөрүлүп турат.
Рахымжан Сатаев, Казакстан өнүктүрүү банкынын башкаруучу мүдүрү?
- Бул ишкерлер үчүн абдан пайдалуу маалымат деп ойлойм. Себеби биздин порталдан алар Казакстандын аймактары жана товарлар боюнча импорту менен экспорту боюнча толук маалыматты жана статистиканы таба алышат. Казакстандын экспорттук портфелин ар тараптандыруу үчүн келечектүү товарлардын тизмесин, ошондой эле бажы алымдары тууралуу маалыматы бар атаандаштыкка жөндөмдүү өткөрүү рыногу боюнча маалымат, дүйнө өлкөлөрүнүн экспорттук куржунунун курамы тууралуу маалыматтар да ошол жерде жарыяланган.
Банк өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, алгоритм Казакстандын жана дүйнөнүн башка 200 өлкөсүнүн экспорттук портфелдерин талдоосуна негизделген. Алдыда серепчилер өлкөнүн ар бир жеке региону боюнча келечектүү багыттардын тизмесин изилдөөнү көздөп жатышат. Ошентип, өлкөнүн өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү аныкталат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков