Бизнести текшерүүгө мораторий узартылышы мүмкүн

Бизнести текшерүүгө мораторий узартылышы мүмкүн

Казакстанда ишкердик субъекттерин текшерүүгө мораторийди 2024-жылга чейин узартуу пландалууда. Президенттин жарлыгынын тиешелүү долбооруна түзөтүүлөрдү Улуттук экономика министрлиги даярдады. Мекемеден билдиришкендей, мораторий кичи жана чакан бизнес субъекттерине гана тиешелүү болот. Документке ылайык, борбордук жана жергиликтүү аткаруу мамлекеттик органдары 2023-жылдын аягына чейин ишкерлерге көзөмөл кылбайт. Бирок жарандардын ден соолугу жана коопсуздугу боюнча текшерүүлөр жүргүзүлөт - деп белгиледи министрлик.

Эрик Жамбылов, Казакстандын Улуттук экономика министрлигинин ишкердикти өнүктүрүү саясаты департаментинин мүдүрү:

- Мораторий 2020-жылдын үчтүн  айынан бери күчүндө. Жарлыктын долбоорунда бир катар өзгөчөлүктөр каралган, алардын саны 12ге жакын. Албетте, мурдагы мораторийге салыштырмалуу азайган. Нускада массалык коркутуулардан улам текшерүүлөр алынып салынган.

Мораторийдин мөөнөтүн узартуу чакан бизнестин түйшүгүн азайтууга багытталган чаралардын бир бөлүгү болуп саналат. Министрлик президенттин «Таза барактан башта» реформасын ишке ашырууда ишкердик кызматта жаңы жөнгө салуу саясаты калыптанаарын билдирди. Ошол эле учурда бизнести мамлекеттик көзөмөлдөө жана текшерүү автоматташтырылат.

Эрик Жамбылов, Казакстандын Улуттук экономика министрлигинин ишкердикти өнүктүрүү саясаты департаментинин мүдүрү:

- Учурда бизнестин жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча көзөмөлдөөчү органдардын ишин кайра кароо чаралары көрүлүүдө. Ал 2022-2023-жылдарга мерчемделген. Мындан тышкары, бул убакыттын ичинде башкаруу системалары автоматташтырылат, башкача айтканда, пландуу текшерүүлөр, профилактикалык көзөмөл адамдын кийлигишүүсүз жүргүзүлөт.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков