Токой фондун коргоо кызматы түзүлдү

Токой фондун коргоо кызматы түзүлдү

Казакстанда токой фондун кайтаруу жана коргоо кызматы түзүлдү. Тиешелүү токтомго өлкөнүн премьер-министри кол койду. Аталган орган Экология жана жаратылыш ресурстар министрлигинин алдында иштейт. Жаңы кызмат  өлкөдө өзгөчө кырдаалдар учурунда, анын ичинде токой өрттөрүн алдын алуу боюнча  эффективдүүлүктү жогорулатууга шарт түзөт. Муну менен катар, мамлекеттик органдардын ишин координациялоону жакшыртууга, техника жана курал-жабдыктар менен камсыз кылууну арттырууга, кесипкөй кадрларды түзүүгө мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө. Ошондой эле, токой аянттарын кеңейтүүгө жана бак-дарактарды кыюуга байланыштуу комплекстүү чараларды көрүү жана тиешелүү компетенцияларды өнүктүрүүгө шарт түзөт. Белгилей кетсек, азыр Казакстанда 15 республикалык жарандык коргонуу кызматы бар. Аларга өрт өчүрүү, медициналык, химиялык, радиациялык жана инженердик коргоо сыяктуу кызматтар кирет.


Которгон: Илгиз Жамалбеков