Казакстандык окуучу космосто энергия таратуучу аппарат ойлоп тапты

Казакстандык окуучу космосто энергия таратуучу аппарат ойлоп тапты

Казакстандык окуучу космосто энергия таратуучу аппарат ойлоп тапты. Абай облусунун 9-классынын окуучусу Нурали Амангелдиевдин ойлоп табуусу лазердик нурлардын таасири астында электр энергиясын таратууга жөндөмдүү.  Жаш ойлоп табуучу куралды түзүүнүн үстүндө колдо болгон материалдарды колдонуу менен 2 жылдан ашык иштеген. Натыйжада Нурали аппараттын эки түрүн жасап чыккан.  Алардын бири экинчисинин фоторезисторуна лазер нурун жиберип, аны энергия менен кубаттандырат. Бул шам менен уюлдук телефонду куббаттоого жетет. Сыноолордун жүрүшүндө аппараттардын ортосундагы аралык 10 метрге чейин жетип, аппарат ар кандай аба ырайы шарттарында да жакшы жыйынтыктарды көрсөттү.

 

Нурали Амангелдиев, жаш ойлоп табуучу:

 

- Бул долбоордун идеясы менин агамдыкы. Биз аны менен чогуу отуруп, пельтье элементин колдонуу менен энергия өндүрүү боюнча долбоорду түздүк. Ошондон кийин мага лазер системасын түзүү идеясы келди. Бул долбоордун идеясы пельтье элементин колдонуу менен энергия өндүрүү боюнча долбоорду жасап жаткан агамдан келген. Бир аппарат экинчисине лазер жөнөтөт. Ал эми бул лазер атайын аппараттын жардамы менен электр энергиясына айландырылат. Кийин ал башка космостук станцияларга жөнөтүлөт. Мен бул жаатта көп изилдөө жүргүзүп, кийин дүйнөдө бүгүнкү күндө энергияны ушундай жол менен өткөргөн 4 станцияны таптым. Тактап айтканда, бул АКШ, Орусия, Жапония жана Кытай мамлекеттерине таандык.

 

Жаш ойлоп табуучу өзүнүн долбоору менен Байконурдагы эл аралык сынакка катышууну көздөөдө. Келечекте аппараттын автономдуу иштөөсү пландалып жатат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков