Актауда эң ири контейнердик хаб ишке кошулат

Актауда эң ири контейнердик хаб ишке кошулат

Актауда Каспий деңизиндеги ири контейнер хабы ишке кирди. Объект Казакстан Президентинин тапшырмасынын алкагында курулган. Эске салсак, долбоор «Казакстан темир жолу» улуттук компаниясы тарабынан Кытайдын Ляньюньган порту жана Актау эл аралык деңиз соода порту менен биргеликте ишке ашырылган. Жаңы хаб транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү көбөйтүүгө жардам берет. Бул Чыгыш - Батыш жана Түндүк - Түштүк эл аралык багыттар боюнча Казакстандын позициясын бекемдөөгө мүмкүндүк берет. Заманбап логистикалык инфраструктура өлкөдө теңдеши жок алдыңкы технологиялар менен жабдылган. Бул жүктөрдү иштетүүнү кыйла тездетүүгө мүмкүндүк берет. Объекттин өткөрүү жөндөмдүүлүгүнө келсек, ал жылына 66 миң контейнерге жетет. Иш Транскаспий транспорттук маршруту боюнча Кытайдан 100 миң контейнердин келиши менен башталды. Белгилей кетсек, бул коридор Кытай менен Европа өлкөлөрүн Казакстан, Каспий деңизи, Азербайжан, Грузия аркылуу байланыштырат.

Даурен Кутпанбаев, Актау шаары эл аралык деңиз соода Порту башкарма төрагасынын милдетин аткаруучу:

- Бул жөн гана инфраструктуралык долбоор эмес. Континенттерди жана өлкөлөрдү байланыштырган келечекке инвестиция. Бул багыттардын келечеги. Жетишилген макулдашуулардын эң жогорку деңгээлде аткарылышынын символу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков