Жарандардын санариптик укуктары Казакстандын Конституциясында биринчи жолу бекемделди. Серепчилер белгилегендей, жаңыртылган Баш мыйзам санариптик чөйрөнүн коопсуздугун, анын ичинде жеке маалыматтарды жана банк сырларын коргоону кепилдейт. Бул ченемдерди ишке ашыруу механизмдери Санариптик кодексте кылдаттык менен жазылган. Бул жана башка конституциялык жаңылыктар Астанадагы Казакстан коомдук өнүктүрүү институтунда өткөн «Sarap» талдоочулук клубунун отурумунда талкууланды. Жолугушуунун катышуучулары конституциялык институттарды өнүктүрүү, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө жана мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү маселелерин карашты. Иш-чаранын жыйынтыгында жаңы Конституция өлкөнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабын ачып, мамлекеттик институттарды мындан ары модернизациялоо үчүн бекем укуктук негиз түзөрү белгиленди.
Алия Жаукеева, Казакстан коомдук өнүгүү институтунун санариптик чечимдер
маалыматтары жана жасалма интеллект бөлүмүнүн башчысы:
– Жасалма интеллекттин жана кандайдыр бир
алгоритмдик чечимдердин киргизилишине байланыштуу, мунун баары Санариптик кодексте
жазылган. Санариптик теманы Конституциянын, башкача айтканда, Баш мыйзамдын
деңгээлине көтөрүү, бул абдан маанилүү экендигин билдирет. Тагыраагы бардык
жоболор, башка тармактык мыйзамдар Конституциядан жогору боло албайт жана
шарттуу түрдө, сиздин ишиңиз боюнча суроолоруңуз же талаштуу учурларыңыз пайда
болсо, сиз түздөн-түз бул беренеге шилтеме кылып, бул менин конституциялык
укугум деп айта аласыз, башкача айтканда, сотко баруу үчүн бул берене менен сиздин
тууралыгыңыздын кошумча далилдерин издеп кереги жок.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

