Казакстан президенти Эл аралык электрбайланыш союзунун башчысы менен санариптик кызматташууну талкуулады

Казакстан президенти Эл аралык электрбайланыш союзунун башчысы менен санариптик кызматташууну талкуулады

Касым-Жомарт Токаев Эл аралык электробайланыш союзунун башкы катчысы Дорин Богдан-Мартин менен жолугушууда санариптик жана телекоммуникациялык технологиялар жаатында өз ара аракеттенүү келечегин талкуулады. Казакстандын президенти өлкөдө заманбап санариптик экосистеманы түзүүгө жана инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, ошондой эле Казакстандын OneWeb, Starlink, Amazon Kuiper сыяктуу төмөн орбиталуу спутниктик системалар менен долбоорлорго активдүү катышып жатканын белгиледи. Дорин Богдан-Мартин өлкөнүн санариптик индустрияны өнүктүрүү жана жасалма интеллектти киргизүү боюнча аракеттерин жогору баалады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков