Президент жашыл климат фондунун аткаруу мүдүрүн кабыл алды

Президент жашыл климат фондунун аткаруу мүдүрүн кабыл алды

Казакстан келерки жылы аймактык климаттык саммит өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаевдин жашыл климат фондунун аткаруучу мүдүрү Мафальда Дуартени кабыл алган учурда айтылды. Жолугушууда Казакстан менен Фонддун кызматташтыгын бекемдөө келечеги талкууланды. Өз кезегинде Мафальда Дуарте Казакстандын климат маселелерин чечүү боюнча аракеттерин колдоп, улуттук адаптация планынын аткарылышына жогорку баасын берди.

Которгон: Илгиз Жамлабеков