Казакстандын Президенти Бала укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү кабыл алды

Казакстандын Президенти Бала укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү кабыл алды

Быйыл кабыл алынган «Казакстан балдары» концепциясынын алкагында балдарды колдоо жана коргоо боюнча 158 чара иштелип чыкты. Бул тууралуу Мамлекет башчысына Бала укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл билдирди. Динара Закиева саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык коргоо жана коопсуздук чөйрөлөрүндө баланын укуктарын камсыз кылуу чаралары системалаштырылганын маалымдады. Талдоонун негизинде 5 жылга иш-аракеттер планы иштелип чыкты. Президентке аймактарда атайын бөлүмдөр ачылганы, психологиялык колдоо борборлору түзүлгөнү жана психологиялык абалды баалоонун бирдиктүү программасы ишке киргизилгени тууралуу маалымат берилди. Мындан тышкары, мектептерде балдар менен түз байланыш үчүн QR-111 кызматы киргизилген. Айыл жергесин кошо алганда, балдарды өнүктүрүү жана инфраструктура маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков