Токаев реформалар боюнча жогорку кеңештин отурумун өткөрдү

Геосаясий кырдаалдын терс таасирине каршы туруу. Бул Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы алдында өткөн Реформа боюнча Жогорку Кеңештин жыйынынын негизги темасы болду. Өкмөт тарабынан түзүлгөн каатчылыкка каршы ыкчам топ кырдаал кандай өнүгүп жатканына карап чара кабыл алуусу, ошондой эле, бирдиктүү иш планын иштеп чыгуусу зарыл. Мамлекет башчысы бизнес өкүлдөрүн колдоого багытталган атайын чараларды көрүүнү тапшырды. Калктын айрым топторуна да колдоо көрсөтүлөт. Ошондой эле, мамлекеттик бюджет кайра каралат. Мисалы, пайдалуу кендерди казып алуу боюнча салыктын баасы орто эсеп менен 1,3 эсеге жогоруласа, бюджеттин кирешеси 300 миллиард теңгеге көбөйөт. Мындан тышкары, чет элдик компанияларга жана майнингге салына турган салыктар артат. Капиталдын агылып чыгышына көзөмөл мындан ары да уланат. Буга кошумча, жолугушууда инвестициялык саясатты өркүндөтүү жана «Самрук-Казына» ААКсын реформалоо маселелери талкууланды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков