Саясат таануучулар ШКУнун саммитинин мааниси тууралуу

ШКУнун саммити олуттуу геосаясий тирешүүлөрдүн жана өзгөрүүлөрдүн мезгилинде өттү. Бул аны өзгөчө актуалдуу кылат. Мындай пикирди иш-чаранын күн тартибине кылдат байкоо салган казакстандык серепчилер менен саясат таануучулар билдиришти. Алардын айтымында, мындай ири эл аралык иш-чаранын Казакстанда өтүшү өлкөнүн эл аралык аренадагы аброюн жана таасирин арттырат. Жалпысынан республика бүткүл дүйнө тарабынан Борбордук Азиядагы маанилүү жана туруктуу өнөктөш катары кабыл алынууда. Жогорку даражалуу чет элдик лидерлердин иш сапарларынын артышы бул нерсени дагы бир жолу тастыктап турат. 

Байыржан аукен, КСИИнун Азия боюнча изилдөөлөр бөлүмүнүн серепчиси: 

-Жалпысынан ШКУнун саммитин өткөрүү Борбор Азия өлкөлөрү үчүн өзгөчө актуалдуу. Бул энергетика тармагында жана зулумдуктун 3 күчүнө каршы туруу жаатында кызматташуу. Казакстан Борбордук Азиядагы алдыңкы өлкө. Буга байланыштуу ШКУнун саммитин Казакстандын төрагалыгы астында өткөрүү жалпы уюмдун трансформациясын билдирет жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун өнүгүүсүндөгү жаңы этапты ачат. 

Жанар Тулиндинова, Парламентаризм институтунун өкүлү: 

-Биринчиден, кеп эл аралык кадыр-барк, имидждик компонент жөнүндө болуп жатат. ШКУ бүгүнкү күндө ыйгарым укуктары боюнча тез өнүгүп жаткан аянтча болуп саналат жана бул иш-чарага БУУнун Башкы катчысынын кызыгуу көрсөткөнү жөн жерден эмес. Казакстан үчүн буга чейин Швейцарияда болбогон мамлекет башчыларынын бул жерге келиши, албетте, геосаясий жактан жеңиш. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков