Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү ар тараптан тереңдетүү маселелери бүгүн Касым-Жомарт Токаев менен Министрлер Кабинетинин төрагасы – Кыргызстандын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жолугушуусунда талкууланды. Мамлекет башчысы бир тууган элдердин ортосундагы достук жана союздаштык байланыштарды мындан ары бекемдөө үчүн дайындалгандан кийин Астанага болгон алгачкы расмий сапарынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Республикасынын президенти:
- Казак-кыргыз кызматташтыгын өнүктүрүүнүн
динамикалуу мүнөзүн өзгөчө белгилеп кетким келет. Урматтуу Садыр Нургожоевич
Жапаровдун өткөн жылы Казакстанга болгон расмий сапары эки тараптуу мамилебизге
жаңы дем берди.
Казакстан президентинин айтымында, эки өлкөнүн өкмөттөрү үчүн башкы милдеттердин бири-жогорку деңгээлде жетишилген макулдашуулардын толук кандуу ишке ашырылышын көзөмөлдөө болуп саналат. Алсак, товар жүгүртүү көлөмүн кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгуу, казак-кыргыз чек арасында индустриалдык соода-логистикалык комплексти тез арада ишке киргизүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой эле транзиттик-транспорттук каттамдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл. Өз кезегинде Адылбек Касымалиев мамлекет башчылары тарабынан коюлган бардык милдеттер казакстандык кесиптештери менен деталдуу иштелип жатканын баса белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жана суу-энергетикалык тармактагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

