Казакстандын премьер-министри Каспий деңизинин тайыз болушуна каршы күрөшкө чакырды

Казакстандын премьер-министри Каспий деңизинин тайыз болушуна каршы күрөшкө чакырды

Каспийдин тайыздалышы маселесин Казакстандын премьер-министри Орусиянын Алтай Республикасында өткөн биринчи Эл аралык экологиялык конференцияда көтөрдү. Олжас Бектенов белгилегендей, деңиз деңгээлинин төмөндөшүн алдын алуу үчүн Каспий боюндагы мамлекеттердин ортосундагы аймактык өз ара аракеттенүүнү активдештирүү зарыл.


Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:


- Казакстан үчүн суу объектилеринин трансформациясынын айлана-чөйрөгө жана чарбалык ишмердүүлүккө тийгизген таасири актуалдуу маселелердин бири болуп саналат. 2000-жылдардын башынан бери Каспий деңизинин деңгээлинин төмөндөө тенденциясы байкалууда. Бул жана башка көйгөйлөрдү изилдөө үчүн Каспий деңизинин Казак илимий-изилдөө институту түзүлгөн. Тилекке каршы, окумуштуулардын божомолдору көңүл жубатаарлык эмес. Бул уникалдуу суу сактагычты сактап калуу үчүн бардык Каспий боюндагы мамлекеттердин чечкиндүү координацияланган аракеттери зарыл.


Олжас Бектенов конференцияда Арал деңизинин абалы тууралуу да айтып берди. Анын айтымында, Казакстанда аны калыбына келтирүү боюнча иштер жүрүп жатат, Көкарал дамбасы бекемделип, Сырдарыянын дельтасы кайрадан түзүлүп, балык чарбасын колдоо жана деңиздин кургап калган түбүн жашылдандыруу боюнча долбоорлор ишке ашырылууда. Мындан тышкары, Казакстан азыр Аралды сактоо боюнча эл аралык фондду жетектеп жатат. Премьер-министр президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы боюнча башталган «Таза Казакстан» программасына өзгөчө көңүл бурду. Олжас Бектеновдун айтымында, бул демилге масштабдуу экологиялык кыймылга айланды. Программа туулуп өскөн жерге аяр мамиле кылуу маданиятын калыптандырууга багытталган жана жаратылыш аймактарын, суу жээктерин тазалоо жана дарак отургузуу боюнча үзгүлтүксүз акцияларды камтыйт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков