Бүгүн Казакстанда Улуттук валюта күнү жана каржы системасы кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленүүдө. Теңгеге быйыл 30 жыл толду. Казакстандын акчасы 1993-жылдын жетинин айынын 15де Республика Президентинин Жарлыгы менен киргизилген. Ал өлкөнүн көз карандысыздыгынын символдорунун бири болуп калды. Жаңы банкноттордун бардык номиналдарынын дизайнын иштеп чыгуу боюнча иштерди казакстандык адистердин тобу жүргүзгөн. Теңгенин биринчи партиясы үчүн портреттик вариант тандалган. Аль-Фараби, Сүйинбай, Курмангазы, Шокан Уалиханов, Абай Кунанбаев, Абылкайыр жана Абылай хан. Өлкөнүн алгачкы банкнотторунун бетинде мамлекеттин саясий жана маданий турмушунун өнүгүшүнө зор салым кошкон маанилүү тарыхый инсандардын сүрөтү түшүрүлгөн. Ал эми карама-каршы тарабы табигый жана архитектуралык кооз жерлер менен кооздолгон. Белгилей кетсек, теңгенин эң биринчи партиясы Улуу Британияда, ал эми монеталар Германияда басылып чыккан. 1995-жылы Казакстанда өзүнүн банкнот фабрикасы ачылган. Бул окуя Казакстандын каржылык көз карандысыздыгын бекемдеди. Казак валютасы 2011-2012-жана 2013-жылдары эл аралык банкнота коомчулугу тарабынан дүйнөдөгү эң мыкты деп таанылды. Теңге өзүнүн оригиналдуу дизайны, мыкты сапаты жана жасалмалуулуктан жакшы корголушу менен айырмаланат. Бирок улуттук валюта заман агымы менен бирге. Улуттук банк санариптик теңгени 2025-жылдын аягына чейин киргизүүнү пландоодо. Бул өлкөнүн төлөм системасын андан ары өнүктүрүүгө жана инновациялык финансылык өнүмдөрдү түзүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга шарт түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков