Эл аралык жарандык авиация уюму Казакстандын учуу коопсуздугунун камсыз кылуу деңгээлин 84%га көтөрдү. Бул дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн 15% жогору. Бул тууралуу Жарандык авиация комитетинин басма сөз кызматы билдирди. Уюмду көз карандысыз баалоо өлкөнүн жарандык авиациясын башкаруунун жаңы ыкмасын талдоого багытталган. Мындан тышкары, бул жыйынтыктар учуу коопсуздугун камсыз кылуу тармагында буга чейин аныкталган эскертүүлөрдү жоюу боюнча Казакстандын учурдагы жетишилген ийгиликтерин белгилеп өтүүгө мүмкүндүк берди. Белгилей кетсек, азыркы учурда аталган көрсөткүч боюнча респубдика көптөгөн өлкөлөргө караганда жогору жайгашып, Нидерландия, Бельгия, Португалия, Чехия, Латвия, Дания, Исландия, Польша, Словения жана Кипр сыяктуу Европа өлкөлөрү менен бир деңгээлде турат. Чет элдик серепчилердин айтымында, бүгүнкү күндө казакстандык авиакомпаниялардын Еврокомиссиянын «кара тизмесине» кирүү коркунучу же чет өлкөлүк каттамдардын чектелүүсүнө эч кандай кооптуулук жок.
Питер Гриффитс, «Казакстандын авиациялык администрациясы» АК Башкы мүдүрү
- Казакстандын Авиация башкармалыгы Жарандык авиация комитети жана Казакстандын министрликтери менен жигердүү кызматташтыкта иш алып барды. Биз ИКАОнун буйругуна ылайык жогорку натыйжаларга жетишүү үчүн бирге иштейбиз. Бул буйрук Казакстандын авиациялык кызыкчылыктарды башкаруу жагынан мүмкүнчүлүктөрүн жана өлкөнүн авиациялык коопсуздук боюнча эскертүүлөрдү жоюу боюнча жетишкендиктерин бир кыйла кеңейтти. Бул жаатта Казакстан жакын арада авиациялык коопсуздук боюнча дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн бирине айланат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков