Президент Түрк мамлекеттери уюмунун бейформал саммитине катышты

Президент Түрк мамлекеттери уюмунун бейформал саммитине катышты

Президент Касым-Жомарт Токаев Венгриянын борбор калаасында Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитине катышты. Мамлекет башчысы коллегиялык кеңешме континенттин кеңири аймагын ээлеген түрк өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарына жооп берерин белгиледи. Муну менен Казакстан конкреттүү кадамдарды жасап, комплекстүү иш-чараларды ишке ашырууда. Атап айтканда, уюм алдындагы Казакстандын туруктуу өкүлүн дайындады. Жакында Туруктуу өкүлчүлүк ачуу коздөлүп жатат.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Астанада кулжа айынын 11-12де Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясынын XIV пленардык жыйыны өтөт. Быйыл Актау шаары Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланды. Бул асыл милдетти жогорку деңгээлде аткаруу үчүн конкреттүү аракеттер колго алынды.  Казакстандын демилгеси менен өткөн аптада Борбордук шайлоо органдарынын консультативдик платформасы түзүлдү. Анын биринчи жыйыны Ыйык Түркестанда ийгиликтүү өттү. Жалпы макулдашуу боюнча, үстүбүздөгү жылдын кулжа айынан баштап Алматы шаары «Түрк мамлекеттер уюмунун жаштар борбору» аталды. Ошентип, биз түрк биримдигин бекемдейбиз.

Глобалдык соода саясаты акыркы убакта чоң өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Касым-Жомарт Токаев стратегиялык милдет катары Орто коридорду Чыгыш менен Батыштын ортосундагы негизги көпүрөгө айландырууну атады. Ошол эле учурда өлкө Кыргызстан жана Өзбекстан менен чек арадагы жол-жоболорду санариптештирүү, жүктөрдүн транзитин жеңилдетүү үчүн конкреттүү чараларды көрүүдө. Ошондой эле Казакстан-Кытай чек арасындагы үчүнчү темир жол бекетин ачуу пландалууда. Касым-Жомарт Токаев боордош өлкөлөрдү ири инфраструктуралык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга чакырды. Бул долбоор түрк өлкөлөрүнүн регионалдык транзиттик хаб катары ролун олуттуу бекемдейт.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Биздин өлкөлөр ортосундагы сооданы активдештирүү жана товарлардын түрлөрүн көбөйтүү зарыл. Өткөн жылы Казакстандын уюмга мүчө өлкөлөр менен кызматташтыгы 11,4 миллиард долларга жеткен. Бул өлкөнүн тышкы соодасынын 8 пайызына барабар. Албетте, жакшы көрсөткүч. Деген менен аны көбөйтүү керек. Буга байланыштуу сооданы өнүктүрүү үчүн атайын документ иштеп чыгууну сунуштайм.

Президент мунай, газ, уран жана башка товарларды жеткирүү чынжырын ар тараптандыруу ишинде уюмдун дараметин пайдалануу зарылдыгына көңүл бурду. Санариптештирүү жана маалыматтык технологиялар жаатындагы кызматташтык дагы келечектүү. Быйыл өлкө Каспий деңизи аркылуу оптикалык була кабелин тартуу боюнча долбоорду ишке ашыра баштады. Натыйжада аймакта санариптик байланыш бекемделет. Саммиттин жыйынтыгында Мамлекет башчылары төрт документ кабыл алышты, анын ичинде Өзбекстанды Түрк маданияты жана мурасы фондуна жана уюмдун Будапешт декларациясына киргизүү чечими кабыл алынды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков