Касым-Жомарт Токаев Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Мамлекет
башчылары бири-бирин Орозо айт майрамы менен куттуктап, эки өлкө элине бакубатчылык
жана гүлдөп-өнүгүү каалады. Казакстандын Президенти түрк кесиптешине өлкөнүн
бир катар аймактарында болгон суу ташкынынын натыйжасында түзүлгөн оор
кырдаалга байланыштуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, бир
туугандык мамилелерди, ошондой эле, өлкөлөр ортосундагы өз ара жардамдашуу жана туруктуу
тилектештикти жогору баалай турганын айтты.