Акордада Конго Демократиялык
Республикасынын президентин расмий тосуп алуу аземи болуп өттү. Феликс Чисекеди
Казакстанга мамлекеттик сапар менен келди. Бул эки өлкөнүн дипломатиялык
мамилелеринин тарыхындагы эң жогорку деңгээлдеги биринчи сапар.
Касым-Жомарт Токаев менен Феликс
Чисекеди тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Мамлекеттин
башчысы бул сапар эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө
түрткү бербестен, Борбор Азия менен Африканын ортосундагы байланыштарды да
бекемдей турганын баса белгиледи. Айта кетсек, бул континенттин өлкөлөрү менен
өз ара аракеттенүүнү күчөтүү республиканын тышкы саясатынын маанилүү
багыттарынын бири болуп саналат. Бул тууралуу мамлекет башчысы бир нече жолу
белгилеген. Казакстандын президенти Конго Демократиялык Республикасынын чийки
заттар тармагындагы дараметин жогору баалады. Анын үлүшүнө дүйнөлүк кобальт
өндүрүшүнүн 70 пайыздан ашыгы туура келет. Бул өлкө, Казакстан сыяктуу эле,
жаратылыш ресурстарына бай. Ошондуктан республикалар өз ара пайдалуу
долбоорлорду ишке ашырууда ишенимдүү өнөктөш боло алышат, деп белгиледи
Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
Президенти:
- Бүгүнкү сүйлөшүүлөр Астана менен
Киншасанын ортосундагы мамилелерди жаңы деңгээлге чыгарып, натыйжалуу
өнөктөштүк үчүн бекем негиз түзөт. Конго Демократиялык Республикасы -
Казакстандын Африкадагы маанилүү өнөктөшү. Биздин эки тараптуу
байланыштарыбыздын келечеги кең экенине ишенем.
Өлкөлөр тоо-кен өнөр жайында
кызматташып келишет – жергиликтүү ERG компаниясы Конго Демократиялык
Республикасында ийгиликтүү иштеп жатат. Бирок, тараптар жетишилген ийгиликтер
менен токтоп калууну көздөшпөйт, тескерисинче өз ара аракеттенүүнү кеңейтишет. Андыктан
сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу сооданы өнүктүрүү,
транспорттук-логистикалык жана агрардык тармактарда, ошондой эле IT-чөйрөсүндө,
санариптештирүүдө өнөктөштүк маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Феликс Чисекеди, Конго
Демократиялык Республикасынын Президенти:
- Сизге жана бүткүл Казакстан элине
мага жана менин делегацияма көрсөткөн абдан жылуу кабыл алууңуз үчүн
ыраазычылык билдиргим келет. Биз кызматташтыкты тереңдетүүгө даярбыз. Биздин элдер,
географиялык алыстыкка карабастан, жалпы фундаменталдык баалуулуктарды бөлүшөт:
суверенитетке жана аймактык бүтүндүккө урматтоо, диалог аркылуу тынчтыкка
умтулуу. Конго Демократиялык Республикасы эл аралык коомчулуктун, анын ичинде
Казакстандын эң оор учурларда көрсөткөн колдоосун эч качан унутпайт.
Эки мамлекеттин башчыларынын
сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Мындан тышкары,
дипломатиялык консультациялар боюнча мекемелер аралык документтерге, тоо-кен
иши жана геология жаатында кызматташуу боюнча документтерге кол коюлду.
Касым-Жомарт Токаев Феликс Чисекедини эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого жана
элдердин ортосундагы достукту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн I даражадагы «Достук» ордени менен сыйлады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

