Мамлекет башчысы Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Артур Ластаевди кабыл алды. Акыйкатчы жылдык жыйынтык маалымат берди. Ага ылайык, жалпысынан 900дөн ашык казакстандыктын укугу корголуп, акыйкатчыга 5 миңден ашык кайрылуу келип түшкөн. Ошондой эле, учурда Укук коргоо институту тарабынан үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы күрөшүү боюнча атайын баяндама иштелип чыгууда. Артур Ластаев аймактык өкүлдөрдүн толук кандуу ишке кириши, улуттук алдын алуу механизминин иши, эл аралык укук коргоо уюмдары жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүүнү активдештирүү тууралуу маалымат берди. Касым-Жомарт Токаев адам укуктарын коргоо боюнча кепилдиктерди мындан ары да күчөтүү зарылдыгын белгиледи.