Казакстан Мажилиси
КМШ аймагы аркылуу радиоактивдүү материалдарды трансчек аралык ташуу жөнүндө
макулдашууну ратификациялады. Документ уруксат берүүчү документтерди таанууну
жана мамлекеттик чек аралар аркылуу мындай жүктөрдү жылдырууда коопсуздукту
камсыз кылууга бирдиктүү мамилелерди карайт. Жаңы эрежелер негизсиз
кечигүүлөрдү жокко чыгарат жана ташуулардын туруктуу иштеши боюнча Шериктештик
өлкөлөрүнүн биргелешкен аракеттерин координациялоону камтыйт. Алмасадам
Саткалиев белгилегендей, мыйзам долбоору Казакстан дүйнөлүк өзөктүк өнөр
жайынын борбору катары өз позициясын бекемдеп жаткан учурда каралууда. Өткөн
жылдын жыйынтыгы боюнча өлкө 23 миң тоннадан ашык уран өндүргөн, бул бир жыл
мурункуга караганда 10%га көп. Мындан тышкары, Казакстан маанилүү транзиттик
түйүн болуп саналат.
Алмасадам Саткалиев, Атомдук
энергетика боюнча агенттигинин төрагасы:
- Мамлекет башчысы
атомдук энергетиканы жана ядролук технологияларды өнүктүрүү өлкөнүн
энергетикалык коопсуздугун, илимий-техникалык прогрессин жана атомду тынчтык
максатта пайдалануу жаатындагы эл аралык милдеттенмелерин камсыз кылуунун
негизги багыттарынын бири экенин баса белгиледи. Буга байланыштуу Казакстан
коопсуздуктун жогорку эл аралык стандарттарына жооп берген заманбап
ченемдик-укуктук базаны ырааттуу түрдө түзүүдө, бул келишимди ратификациялоонун
актуалдуулугун арттырат.
Алматы облусунда эки
атом электр станциясы курулат
Мекеме башчысы
белгилегендей, өлкөдө экинчи атомдук станцияны куруу үчүн дагы ыктымалдуу
аянтча аныкталды. Ал дагы Алматы облусунун Жамбыл районунда жайгашат. Алмасадам
Саткалиевдин айтымында, мындай тандоо түштүктөгү энергетикалык тартыштык менен
шартталган. Ал эми үзгүлтүктөр же жүктөмдөр болгон учурда бул энергетикалык
коопсуздук үчүн тобокелдиктерди жаратат. Ошондуктан, дароо эки АЭСти
жайгаштыруу - стратегиялык чечим. Бул өлкөнүн энергетикалык системасын тең
салмактоого жана транзиттен көз карандылыкты азайтууга мүмкүндүк берет.
Алмасадам Саткалиев, Атомдук
энергетика боюнча агенттиктин төрагасы:
- Биз процесстин бардык
катышуучулары, сынактын бардык катышуучулары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп
жатабыз. Соңку чечимге чейин. Башкача айтканда, Кытай Эл Республикасынын CNNC
компаниясынын пайдасына акыркы чечим кабыл алына элек. Подрядчынын ишине, техникалык
чечимдерге, Казакстандын жарандарынын тигил же бул вендорго болгон мамилесине
байланыштуу бардык маселелер чечим кабыл алууда толугу менен эске алынат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

