Акорда бүгүн легендарлуу альпинист Ерванд Ильинскийди сыйлады. Казакстандын президенти дүйнөгө белгилүү чокуларды багындыруучуга альпинизмдин өнүгүшүнө кошкон салымы жана көрүнүктүү спортчулардын бүтүндөй муунун тарбиялаганы үчүн «Казакстандын Эмгек Эри» наамын ыйгарып, сыймык көрсөттү. Ерванд Ильинский машыктыруучулук ишмердүүлүгү учурунда жүздөн ашык спорт чеберин, анын ичинде эл аралык класстагы жана эмгек сиңирген спорт чеберлерин даярдаган.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Сиздин зор аракетиңиздин жана жогорку кесипкөйлүгүңүздүн аркасында Казакстан Республикасынын көк желеги планетанын эң жетүүгө мүмкүн эместей көрүнгөн чокуларында сыймыктануу менен желбиреди. Тажрыйбалуу альпинист, дүйнөлүк чокуларды багындыруучу, көптөгөн эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү катары сиз дүйнөгө таанылдыңыз, Эверестке чыктыңыз жана «Жети чоку» клубуна кирген Казакстандын биринчи өкүлү болдуңуз. Сиз Казакстан альпинизм мектебинин негиздөөчүсү катары татыктуу түрдө таанылып, урмат-сыйга ээ болдуңуз. Бул ата мекендик мектеп өлкөбүздүн глобалдык брендине айланды.
Ерванд Ильинскийдин жетекчилиги астында Казакстан курама командасы дүйнөдө биринчи болуп бардык сегиз миңдик 14 чокуну багындырды. Касым-Жомарт Токаев улуу спортчу жана устаттын адамдык сапаттарын да жогору баалады: анын альпинисттерге болгон чын ыкластуу камкордугун, жан аябастыгын жана эң жогорку профессионализмин. Президент Ерванд Ильинскийдин өлкөдө альпинизмди жайылтуу боюнча зор эмгегин белгиледи. Мамлекет башчысы тоолор жаратылышка болгон урмат-сыйга жана тазалыкка умтулууга үйрөтөрүн баса белгиледи. Мындай принциптер Жаңы Конституцияда да бекитилген.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Тоолорду сүйүү, жөө жүрүштөр, альпинизм жөн гана хобби эмес, жаратылышты урматтоого жана тазалыкка умтулууга негизделген жашоонун өзгөчө экологиялык стили болуп калды. Жаңы Конституцияда жаратылышты сүйүү, туура экологиялык жүрүм-турум, жалпы тазалык принциптери анын маанилүү бөлүгү Баш мыйзамыбыздын ажырагыс бөлүгү болуп калды эми ал биздин улуттук менталитетке «сиңиши» керек. Өкмөттүн, тиешелүү министрликтин алдында альпинизмди спорт жана заманбап тоо туризми катары ар тараптуу колдоо милдети турат. Мамлекеттик каржылоону жана демөөрчүлүк каражаттарды тартуу менен конкреттүү иш-аракеттер программасын даярдоо зарыл.
Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, Ерванд Ильинскийдин өмүр жолу – жаратман патриотизмдин жаркын үлгүсү. Ошондуктан жаштар тынымсыз эмгек ар дайым бааланып, сыйлыкка татый турганын көрүшү керек. Бирок ошол эле учурда аракетсиз ийгилик болбой турганын унутпаш керек. Анын үстүнө – ишмердүүлүктүн кайсы гана чөйрөсүндө болбосун. Касым-Жомарт Токаев баса белгилегендей, «турмушта чемпиондор» өз ишине чындап берилип, койгон максатына бекем жеткендер гана болушат. Өз кезегинде Ерванд Ильинский Касым-Жомарт Токаевге анын ишмердүүлүгүнө берген жогору баасы жана ата мекендик альпинизмге өзгөчө көңүл бурганы үчүн ыраазычылык билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

