Касым-Жомарт Токаев Азербайжан
Республикасы менен Армения Республикасынын Тышкы иштер министрлеринин ортосунда
тынчтык келишимин даярдоо боюнча сүйлөшүүлөрдү Казакстанда өткөрүүнү макулдашууну кубаттады. Эске салсак,
мындай сунуш менен казакстандык тарап чыккан. Мамлекет башчысы өз билдирүүсүндө мындай маанилүү иш-чараны
Алматыда өткөрүүнү символикалуу деп баса белгиледи. Анда 1991-жылы бештин
айында тарыхый Алма-Ата
декларациясына кол коюлуп, КМШ өлкөлөрүнүн көз
карандысыз өнүгүүсүнүн негиздери белгиленген жана мамлекеттер аралык чек
араларды аныктоо менен анын принциптери бекитилген. Президент Касым-Жомарт
Токаевдин айтымында, алдыдагы жолугушуу азербайжан-армян келишимдерин иш
жүзүндө жүзөгө ашырууга кызмат кылуу менен Түштүк Кавказда
бекем жана узак мөөнөттүү тынчтыкты тезирээк орнотууга салым
кошот.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков