Туруксуз аба ырайында авиакомпаниялар менен аэропорттор ортосундагы координацияны күчөтүп, жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн иш-аракет алгоритмин иштеп чыгуу. Мындан тышкары, аба жайларды атайын техника, курал-жабдыктар менен кошумча жабдуу. Өкмөттүн жаңы жылдагы алгачкы иш кеңешинде жеткиликтүү транспорт байланышын камсыз кылуу маселелери талкууланды. Премьер-министр мекемелер менен уюмдардын, ошондой эле, координациялык штабдардын өз ара иш-аракетин күчөтүү жана чектөөлөр киргизилген учурда транспорт каражаттарынын жолго чыгуусуна тыюу салуу чараларын түшүндүрүү боюнча айдоочулар менен алдын алуу иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Белгилей кетсек, майрам учурунда Ыкчам штаб өлкөдөгү кырдаалды толук көзөмөлдөп, убагында керектүү чараларды кабыл алуу үчүн күнү-түнү иштеди. Жол кызматтары, акимчиликтер менен полиция биргелешип бардык зарыл иш-аракеттерди колго алды.
Алихан Смаилов, Казакстан Республикасынын премьер-министри:
- Бештин айынын 25нен
тартып өлкөбүздүн бардык аймагында аба ырайы кескин өзгөрдү. Аба ырайына байланыштуу
150-гө жакын эскертүү жарыяланды. Жалпы борбордук жана жергиликтүү мамлекеттик
органдар биргеликте иш жүргүздү. Ошону менен бирге, кайгылуу кырдаалдардын
алдын алуу үчүн бир катар мамлекеттик органдар менен уюмдардын өз ара
иш-аракеттерин күчөтүү керек. Автожолдор менен калктуу конуштардын көчөлөрүн
күнү-түнү кардан тазалоону камсыз кылуу кажет. Жүргүнчүлөрдү жылытуу пунктарына
чукул эвакуациялоо үчүн транспорт каражаттарынын резервдик санын көбөйтүү
зарыл. Транспорт министрлиги менен «КазАвтоЖол» компаниясы республикалык жана
эл аралык маанилүү автожолдордо коопсуз жол кыймылын камсыз кылууну өзгөчө
көзөмөлгө алууга тийиш.