Суу ташкынан жабыркаган адамдарды коопсуз жайга өз убагында көчүрүү жана жарандарга зарыл жардам көрсөтүү, ошондой эле, суу каптаган аймактардагы эпидемиологиялык абалга күнү-түнү мониторинг жүргүзүү, жазгы айдап-себүү иштерине даярдык көрүү. Казакстандын президенти суу ташкындарына каршы чараларды координациялоо жана анын кесепеттерин жоюу боюнча республикалык штабдын жыйынында учурдагы негизги милдеттерди атады. Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик материалдык резервден атайын техникаларды жана башка жабдыктарды алууга уруксат берилгенин айтты. Өлкөнүн Өнөр жай жана курулуш министрлигинин алдында бир топ иштер турат. Мекемеге турак жайларды, социалдык инфраструктураны жана коммуналдык объекттерди калыбына келтирүү иштерин координациялоо үчүн ыкчам топ түзүү тапшырмасы берилди. Мамлекет башчысы Казакстандын жарандарына баш калкалоочу жайларды калыбына келтирүү иштерин так убакыт режиминде көзөмөлдөөнү, ошондой эле, жыл соңуна чейин суу ташкынына каршы иш-чараларды башкаруунун узак мөөнөттүү стратегиясын аныктап, тийиштүү программалык документтерди кабыл алууну тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков