Өлкө 2028-жылга карата бала бакча менен 100% камсыздалат

2028-жылга карата казакстандык жеткинчектер бала бакча менен толук камсыз болот. Бүгүнкү күндө мектепке чейинки уюмдарда 1 миллионго жакын бала тарбияланууда. Бул өлкөдөгү 2-6 жаш аралыгындагы балдардын 91%га жакынын түзөт. Аны 100%га жеткирүү үчүн 2023-2027-жылдарга арналган мектепке чейинки билим берүү уюмдарын ишке киргизүүнүн планы бекитилди. Тармактык министрлик бул аралыкта бала бакчаларда 300 миңге жакын жаңы орун ачыларын билдирди. Алардын 77 миңден ашыгы ушул жылдын аягына чейин түзүлөт. Жыл башынан бери жаңы 125 мектепке чейинки билим берүү уюму пайдаланууга берилди.

Гульнара Искакова, Мектепке чейинки билим берүү департаментинин мүдүрүнүн орун басары:

- Бүгүнкү күндө көйгөй жаңы мектепке чейинки уюмдарды куруу, жеке менчик мектепке чейинки уюмдарга мамлекеттик билим берүү тапшырыктарын жайгаштыруу, ошондой эле, иштеп жаткан мектепке чейинки уюмдарды реконструкциялоо жана биринчи кабаттарда балдардын толук күнү менен кичи-борборлордун турак жай комплекстерин ачуу жолу менен чечилүүдө.

Ошону менен бирге, бала бакчалардагы орундарды бөлүштүрүү процессинин ачык-айкындуулугу үчүн кезекти эсепке алуу боюнча бирдиктүү маалымат базасы түзүлдү. Арызды электрондук өкмөт порталы, экинчи деңгээлдеги банктардын мобилдик тиркемелери жана жергиликтүү аткаруу органдарынын платформалары аркылуу берүүгө болот. Учурда долбоор өлкөнүн төрт облусунда жүзөгө ашырылып жатат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков