Казакстан санариптик инфраструктурасын чыңдоодо

Казакстан санариптик инфраструктурасын чыңдоодо

Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектеновдун төрагалыгы алдында өткөн жыйында «Маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорунун өрөөнүн» ишке ашыруу маселеси талкууланды. Долбоор өлкөнүн негизги санариптик демилгелеринин бири болуп саналат. Аны ишке ашыруу үчүн Павлодар облусунда жер тилкелери аныкталып, кубаттуулугу 215 МВт болгон станция сатылып алынды. Жыйындын катышуучулары белгилегендей, ушундай жол менен келечектеги санариптик хабдын негизи түзүлүүдө. Мындан тышкары, жыйында электр энергиясы менен камсыздоонун жеңилдетилген тарифтик модели бекитилип, инвестициялык жана салыктык преференциялар белгиленди. Бул чаралар долбоордун дүйнөлүк ири технологиялык оюнчулар үчүн жагымдуулугун жогорулатууга багытталган. Учурда АКШ, Кытай жана Индиядан келген 20дан ашык компания менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Алардын баары булуттуу эсептөөлөр, чоң маалыматтарды иштеп чыгуу жана жасалма интеллект сегменттеринде иштешет. Жолугушуулардын жыйынтыгында 100 МВттан ашык кубаттуулукка алдын ала суроо-талап түзүлдү. Эске салсак, «Маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорунун өрөөнүнүн» дарамети 1 ГВтка чейин бааланып, ири негизги кардарларды жайгаштырууга ылайыкталган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков