Казакстанда пилотсуз такси ишке кошулат

Казакстанда пилотсуз такси ишке кошулат

Казакстанда эки жылдан кийин пилотсуз жүк ташуучу унаалар жүрө баштайт. Учуучу аэротакси да ишке кошулат. Транспорт министрлиги бул үчүн атайын мыйзам иштеп чыгууда. Кийинки жылы парламентке киргизет. Мунун аркасында инфраструктура жөнгө салынат. Пилотсуз жүк транспортторунун рулунда башында адам отурат. Бул жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн керек. Пилотсуз такси долбоорунда кытай тажрыйбасы колдонулат.

Нурлан Сауранбаев, Транспорт министри:

- Биз заманбап жашоодон артта калбоого, жаңы технологияларды Казакстан аймагында да колдонууга аракет кылабыз. Мисалы, биз Кытайдын Шэньчжэнь шаарында болдук. Аларда пилотсуз таксиге уруксат берилген. Бирок азырынча ичинде айдоочу бирге отурат. Биз да дал ушинтип акырындык менен алдыга жылабыз. Мунун баары жүргүнчүнүн коопсуздугу үчүн жасалат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков