Тогуздун айынын 25-Казакстанда улуттук майрам Республика күнү белгиленет

Тогуздун айынын 25де Казакстанда улуттук майрам-Республика күнү белгиленет. 1990-жылы бул күнү Казак ССРинин Жогорку Советинин токтому менен Мамлекеттик суверенитет жөнүндө декларация кабыл алынган. Дүйнөлүк экономика жана саясат институтунун серепчилеринин айтымында, улуттук майрам бекем мамлекеттин пайдубалы, өткөндү түгөлдөп, бүгүнкү күндү талдоо, азыркыны рейтингдөөнү жана жаркын келечекке багыт алууну белгилейт.

Арман Токтышаков, Дүйнөлүк экономика жана саясат институнун серепчиси:

– Көзкарандысыз мамлекеттер үчүн зарыл болгон бардык өбөлгөлөр ушул документке таандык. Ал 1990-жылдын тогуздун айынын 25де кабыл алынганын билебиз. Бул эгемендүү өлкө катары өнүгүүгө жана ал үчүн зарыл болгон башка тенденцияларга жол ачкан биринчи кадам. Декларациянын негизинде өлкөнүн конституциялык Мыйзамы кабыл алынган. Бир нече жылдан кийин декларациянын, башкача айтканда, Мамлекеттик суверенитет документинин негизинде алгач 1993-жыл, андан кийин 1995-жылдагы Конституция, өлкөнүн жарандары таянган учурдагы баш мыйзам кабыл алынган.

Серепчилердин пикири боюнча, дал ушул күнү 34 жыл мурун, саясий-укуктук негиз салуучу документтин жарыяланышы менен өлкө бардык багыттар боюнча өз алдынча өнүгүү жолуна түшкөн. Өлкө ырааттуу экономикалык өсүш үчүн укуктук негиз түзүлдү. Ошондой эле улуттук өзгөчөлүктү заманбап тенденцияларга ылайык сактоо милдети турган. Күн тартибинин кызыкчылыгына - көп улуттуу өлкөнүн элинин биримдигин бекемдөө кирди.  Мунун баарын мамлекеттин суверендүү деклорациясы камтый алды.

Арман Токтышаков, Дүйнөлүк экономика жана саясат институнун серепчиси:

– Декларация бийликти өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн саясий, экономикалык жана социалдык чечимдерди кабыл алуу укугун бекемдеди.  Бийликти бутактарга бөлүштүрүү принциби калыптанып, күч түзүмдөрү, улуттук коопсуздук органдарынын өз алдынчалыгы калыптанып, өлкөнүн Көз карандысыз каржылык системасы түзүлдү. Башкача айтканда, өзүбүздүн жеке банктар ачылып, өлкө болушу үчүн көптөгөн жаңы механизмдер киргизилген. Ошентип, бүгүнкү жаңы натыйжаларга жетүү үчүн бекем пайдубал түптөлдү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков