Казакстандын робототехника курамасы Хьюстондо жеңишке жетти

Казакстандын робототехника курамасы Хьюстондо жеңишке жетти

Казакстандын робототехника боюнча курама командасы АКШдан жеңиш менен кайтты. Хьюстон шаарында өткөн FIRST Championship дүйнөлүк мелдешинде өлкө намысын Алматы, Шымкент жана Астана шаарларынан чогулган 4 команда коргоду. Алар ар кандай жаш курак категорияларында ийгиликтүү өнөр көрсөтүп, өздөрүнүн инженердик долбоорлору үчүн татыктуу сыйлыктарды жеңип алды. КМШ өлкөлөрүнүн тарыхында биринчи жолу Bolt.M3 командасы Motivate Award беделдүү сыйлыгын куржунга салды. Уюштуруучулардын айтымында, казакстандыктардын даярдык деңгээли жогору. Айта кетсек, бул чемпионатта жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөткөн мектеп окуучулары дүйнөнүн алдыңкы университеттеринен стипендия жана гранттарга ээ болот.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков