Өлкөнүн жогорку
искусство дүйнөсүндө уникалдуу окуя. Астанага биринчи жолу италиялык сүрөтчү
Леонардо да Винчинин «Ла Белла
Принсипесса» (La Bella Principessa). аттуу
түп нускалуу сүрөтү алынып келинди. Улуттук музейде белгилүү кайра
жаралуу чеберинин пергаментке түшүрүлгөн жалгыз эмгегинин көргөзмөсү коюлду. Бул жерде Италиянын Казакстандагы элчилигинин, Маданият
министрлигинин, Италиянын Screapta Maneant (Скрипта Манэнт), басма үйүнүн өкүлдөрүнүн, ошондой
эле көргөзмөнүн демөөрчүлөрүнүн катышуусунда массалык маалымат каражаттарынын
өкүлдөрү үчүн пресс-конференция уюштурулду. Сүрөт жеке коллекцияда экени
белгилүү. Ал буга чейин бир нече жолу гана көргөзмөгө коюлган. Адистердин
айтымында, аны сактоо жана ташуу үчүн белгилүү шарттар талап кылынат. Мындан кийин картина кайтадан башка жерлерде көрсөтүлбөшү мүмкүн.
Джорджил Армароли, SCREAPTA
MANEANT басмакананын негиздөөчүсү жана башкы мүдүрү:
-Сүрөт өтө назик болгондуктан, аны ташуу оңой эмес. Анын кайтып келиши кандай болорун азырынча билбейбиз. Жаңы технологиялардын аркасында өзгөчө кыздын көзү менен кулагында Леонардо да Винчинин кол тамгасын так байкадык. Анткени ал эч качан өз каармандарын кырынан тарткан эмес. Мона Лизаны өзүңүздөр билесиздер. Муну менен катар, сүрөттүн сол бурчунда белгилүү кылкалем чеберинин техникасына дал келген кол тамга табылды.
Марко Альберти, Италиянын Казакстандагы элчиси:
-Биз мындай долбоорлор Казакстан менен
Италиянын ортосундагы маданий кызматташтыкты жөнгө салуу үчүн эң сонун курал
деп эсептейбиз. Ошондой эле өткөн жылы жетинин айынын 30да Казакстандын Алматы
шаарында Италиянын маданият институту ачылган.
Белгилей кетсек, Леонардо да Винчинин сүрөтүнүн көргөзмөсү Улуттук музейдин 10 жылдыгына карата уюштурулган. Баш оона айынын 4нө чейин бардык каалоочулар улуу устаттын түп нуска чыгармасын көрө алышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков