Олимпиада курама командасынын спортчулары жана машыктыруучулары мамлекеттик сыйлыктарды алышты

Олимпиада курама командасынын спортчулары жана машыктыруучулары мамлекеттик сыйлыктарды алышты

Парижде өткөн жайкы ХХХIII Олимп оюндарында жогорку жетишкендиктери үчүн өлкөнүн улуттук курама командасынын спортчулары жана машыктыруучулары мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту. Тиешелүү жарлыкка Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койду. «Барыс», «Парасат» жана «Курмет» ордендери менен сыйлангандардын тизмесинде 20 адам бар. Алсак, «Барыс» I ордени менен дзюдочу жана спорттун бул түрү боюнча Казакстандын биринчи Олимпиада чемпиону Елдос Сметов, «Барыс» III ордени менен грек – рим күрөшү боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу Юрий Мельниченко татыктуу болду. Күмүш медалдын ээлери Демеу Жадраев, Нариман Курбанов, Нурбек Оралбай жана алардын машыктыруучулары «Парасат» ордени менен сыйланышты. «Курмет» ордени менен Назым Кызайбай, Александра Ле, Ислам Сатпаев, жана алардын машыктыруучулары, ошондой эле эл аралык дзюдо федерациясынын президентинин кеңешчиси сыйланышты. Эскерте кетсек, Казакстандын курама командасы өткөн төрт жылдык башкы мелдеште жети медаль: бир алтын, үчтөн күмүш жана коло медалга ээ болгон.

Которгон: Илгиз Жамалбеков