Ошентип, Парижде төрт жылдыктын эң ири спорттук иш-чарасы аяктады. Дүйнөнүн бардык бурчунан миллиондогон күйөрмандар спортчулардын жаңы жетишкендиктерин көрүштү. Францияда күн сайын майрам сыяктуу болду. Парижден Таитиге чейинки отуз тогуз олимпиадалык объектте тарых соңуна чыкты. Бир жерде титулдуу чемпиондор медалдарын ырасташса, дебютанттар сенсация жаратышты.
Белгилей кетсек, 2024-жылкы Олимпиадада Өзбекстан бокстон 5 алтын медаль утуп алды. Олимпиада көптөн бери мындай укмуштуудай жеңиштерди көргөн эмес. Бирок, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ар бири бири-бирине колдоо көрсөтүп турушту. Албетте, бул көз жаздымда калган жок.
Бул арада спорттун айрым түрлөрү боюнча жыйынтыктоочу мелдештер өттү. Казакстандан акыркы болуп 97 килограммга чейинки салмакта балбан Алишер Ергали чыкты. Ал коло үчүн жубатуучу раундда күч сынашты. Бирок, тилекке каршы, Ирандык атаандашын жеңе алган жок. Ошентип, биздин курама команданын куржунунда ар кандай маанидеги 7 медаль бар. Албетте, бул ата мекендик дзюдо тарыхындагы биринчи жеңиш алтынды алган – Элдос Сметов. Ал бардык казакстандыктардын эсинде калды. Париждеги оюндарда гимнаст Нариман Курбанов, грек-рим күрөшчүсү Демеу Жадраев жана мушкер Нурбек Оралбай күмүш байгенин ээси болушту. Ал эми коло медалдын ээлери - дзюдочу Гусман Кыргызбаев, мушкер Назым Кызайбай жана Александра Ле менен Ислам Сатпаевдин дуэти. Биздин спортчулардын жеңиши бардык казакстандыктарга кубаныч тартуулады.
Бул жерде мен Олимпиада оюндарынын медалисттеринин ар бири менен баарлашууга жетиштим деп айткым келет. Мен журналист катары айта алам, бул бир күндүк жеңиш гана эмес, бул Олимптин чокусуна өмүр бою баруучу жол. Ар бир спортчу биздин өлкөнүн желегин желбиретүүгө жетишүү үчүн өзүнүн кайраттуулугун жана чын ыкластуу каалоосун далилдеди. Албетте, биз баарыбыз дүйнөлүк жана казакстандык спорттун тарыхындагы жаңы этаптын катышуучусу болдук.
Которгон: Илгиз Жамалбеков