Парижде өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында гимнаст Нариман Курбанов Казакстандын куржунуна алгачкы «күмүштү» салды. Спортчу финалда ийгиликтүү өнөр көрсөтө алды. Белгилей кетсек, бул Казакстандын тарыхында гимнастика боюнча Олимпиада оюндарында алгачкы медаль.
Хусанжан Курбанов, Нариман Курбановдун атасы жана машыктыруучусу:
– Бул сезимди сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес! Колдооңуздар үчүн рахмат! «Нариман» көнүгүүлөрүн жасап жатканда демимди ичте кармап турдум. Куржунубузда Олимпиада оюндарынын күмүш медалы бар.
Бешинчи республиканын борборунда казакстандыктар күмүш медалдын ээсине колдоо көрсөттү. Нариман Курбановду өлкөнүн Франциядагы элчилигинде кол чабуулар менен тосуп алышты.
Наримман Курбанов, жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси:
– Олимпиада оюндары азыр кызуу жүрүп жатат. Биздин негизги делегация медалдар үчүн күрөштү жаңыдан баштап жатат. Бүткүл командабызга Олимпиада оюндарында ийгиликтерди жана жеңишти каалайм. Алга Казакстан!
Казакстандыктар финалга жолдомо алган мушкер Нурбек Оралбайдан Олимпиададагы жеңиштин уланышын күтүүдө. Ошондой эле, спортчу Нора Джеруто Олимпиада оюндарынын финалдык таймашына чыкты. Ал эми жарым финалда өлкө намысын булгаары мээлей чебери Назим Кызайбай коргойт. Олимпиаданын сегизинчи күнүнөн кийин улуттук курама команданын эсебинде төрт медаль бар – бир алтын, бир күмүш жана эки коло.
Которгон: Илгиз Жамалбеков